Ош шаарындагы «Эрдем» мечитинде балдар үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлдү

Курман айт майрамына карата Ош шаарындагы «Эрдем» мечитинин имамынын  демилгеси менен  балдар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов катышып, жаштарга Курман майрамында маанай тартуулап жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Ислам дининде эки чоң майрам болсо, анын бирөөсү Курман айт майрамы. Жаш балдардын маанайын көтөрүү менен Курман айт майрамы тирүүлөрдүн майрамы экендигин билдирген болобуз. Жаштарга майрамдык маанай тартуулаган иш-чаранын уюштуруучуларына  Алла Таала ыраазы болсун!»— деди шаар казысы.