Алибек ажы Жусупов «Садык кары Камалуддин» жана «Сальман Фарсий» медреселерин текшерди

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районундагы «Садык кары Камалуддин» жана «Сальман Фарсий»   медреселерин текшерди.

«Бала бирөөнүн аманаты. Балдар үчүн санитардык жана коопсуздук эрежелери сакталып, бардык шарттар түзүлүүгө тийиш. Бул боюнча Азирети Муфтийдин тапшырмасы бар», – деп билдирди казынын орун басары.

Муну менен катар облус казысынын орун басары билим берүүдө тажрыйбалуу адистердин орду маанилүү экендигин айтып, бул жаатта ар бир билим берүүчү окуу жайлар балдардын келечеги үчүн мыкты билим берүүчү керектигин баса белгиледи.