Иманбек Азизилла уулу: Иш кагаздарды мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү казыяттын эң приоритеттүү багыттарынын бири

Ош облустук казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Иманбек Азизилла уулу Кара-Суу райондук хатибиятына барып, мекеменин иш кагаздары, кириштелген жана чыгышталган каттар, дин кызматкерлеринин делолору, эмгек китепчелерин ж.б. текшерди. 

Азизилла уулу иш кагаздарды мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү казыяттын кадр, катчылык жана маалымат жаатындагы эң приоритеттүү багыты экенин баса белгиледи.  

«Кара-Суу хатибияты документ иштери болобу, иш кагаздары болобу, көп жагынан калыптанып калган мекеме. Потенциал бар. Өткөн жылы облус боюнча эң алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкенсиздер. Быйыл да ошол темп менен иштеңиздер», – деди Иманбек Азизилла уулу.

Белгилей кетсек, казыяттын кадрлар адиси буга чейин Ноокат жана Өзгөн райондук хатибияттарын зыярат кылып, иш кагаздарын текшерген болчу.