Алибек ажы Жусупов: Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу биздин милдет

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жооптуу имамдарга ысырапкорчулукту жоюуга байланыштуу жыйын болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жана хатибият кызматкерлери катышты.


«Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу биздин түздөн-түз милдетибиз. Биз ысырапкорчулуктун кесепети жөнүндө чарчабай-чаалыкпай түшүндүрүү иштерин жүргүзө беребиз. Эгерде биздин сөзүбүз кимдир бирөөлөргө таасир этип, ысырап кылуудан баш тартса, анда максатыбызга жеткен болобуз», – деп билдирди казынын орун басары.

Ал эми Абдирашит ажы Батыров ысырапкорчулукту жоюу боюнча хатибият жамааты жигердүү иш алып барып жатканын, элдин түшүнүү менен кабыл алганын белгиледи.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.