Кара-Суу районундагы каттоодон өтө элек мечиттер боюнча жыйын өткөрүлүп, чукул арада каттоо боюнча тапшырма берилди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча жыйын өткөрүлүп, облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, хатибият жамааты, жооптуу имамдар  катышты.

«Кара-Суу райондук хатибияты каттоо иштерин жакшы жүргүзүп жатат. Ошого карабай, кээ бир мечиттерди каттоодон өткөрүү оорчулуктарды жаратууда. Биз бул жерге ийри отуруп түз кеңешип, көйгөйлөрдү ачык талкуулап, чечимдерди биргеликте кабыл алуу үчүн келдик», – деп билдирди Алибек ажы.

Казынын орун басары мечиттердин тазалыгы, элге сапаттуу кызмат кылуу, адеп-ахлак жана итааттын маанилүүлүгү боюнча сөз сүйлөп, дин кызматы  жоопкерчиликтүү жумуш экенин эске салды.