Жалал-Абадда «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы талкууланды

Жалал-Абад шаарындагы “Көк- Арт” мейманканасынын конференция залында  «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Консепциясы тууралуу», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө» жана «Улуттук нарк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын аткаруу алкагында Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) тарабынан Дин таануучулук изилдөөлөр борбору менен Жалал-Абад облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңештин алгачкы отуруму өткөрүлдү.

Ага КР ДИМКнын, КР  Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Жалал-Абад облустук казыяттын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана диний кызматкерлери, аймактагы отуздай ар түрдүү диний уюмдардын жана окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер жана катышуучулар тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо   маселелери боюнча баяндамалар жасалды.

Катышуучулар топторго бөлүнүп, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, мыйзамдар жана башка маселелер боюнча интеллектуалдык иш-чарага катышты.

Жалал-Абад облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңеш КР ДИМК тарабынан жергиликтүү бийликтер жана диний уюмдар менен биргеликте 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу алкагында конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди өркүндөтүү, тынчтыкты камсыз кылуу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, коомдо диний радикализмдин, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, социалдык, гуманитардык, маалыматтык, агартуучулук, маданий жана спорттук иш-чараларды биргелешип уюштуруу, мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында түзүлгөн.