Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары менен жолугушуп, билим берүү жана диний абалды жөнгө салуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Фархат ажы Юсупов,  Кенжетай ажы Курманходжаев менен жолугушуп, диний билим берүү тармактарынын программаларын тартиптештирүү, мониторинг жүргүзүү, атайын комиссия түзүп, жума хутбаларынын темаларын карап чыгуу,  өлкөдөгү диний кырдаалды жөнгө салуу жана дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу жаатында пикир алышты.