Алибек ажы Жусупов Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү мечиттерди зыярат кылып, ишмердүүлүктөрү менен таанышып чыкты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүндө жайгашкан мечиттерди зыярат кылып, мечиттердеги Куран алиппеси, адеп сабагынын жүрүшүнөн кабар алды.

«Биздегидей дин тутуу эркиндиги көп өлкөлөрдө жок. Бул да болсо Кудайдын белеги, немат-жашылыгы. Биз ушул немат-жашылыктын кадырын билип, жоопкерчилик менен иш алып баралы. Мечиттерде сабак өтүүдө мыйзам талаптары сакталсын», – деп билдирди Алибек ажы.

Казынын орун басары имамдарга КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ысырапкорчулукту жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.