Таласта ааламдан өткөн дин аалымдарынын жаркын элестерине арналган спорттук турнир өттү

Талас облусунун мусулмандарынын казыяты «Газпром» спорт комплексинде Усейн ажы Мизраимовдун жана Майрам Казакбаевдин жаркын элестерине арналган футбол боюнча турнир өткөрдү. Спорттук иш-чара маркумдарга Куран окуу менен башталып, андан соң облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев,  «Ислам нуру» медресесинин мүдүрү Касым ажы Сыдыков жана Кара-Буура районунун баш имам хатиби Исламбек Куматаев маркумдардын ислам дини үчүн кылган кызматтары жана жасаган иштерин эскеришти.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Бакай-Ата районунун командасы ээлесе, 2-орунду казыяттын  командасы багындырды. Ал эми 3-орун  Талас районунун командасына берилди.