Иманбек Азизилла уулу Алай райондук хатибиятынын документ иштерин текшерди

Ош облустук казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Иманбек Азизилла уулу Алай райондук хатибиятынын документтик иштерин жана иш кагаздарын текшерүүдөн өткөрдү.

«Кечээ жакында Араван райондук хатибиятынын текшерип, адиске оозеки эскертүү бердик. Биздин максатыбыз облус аймагындагы хатибияттардын иш кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү жана бир калыпка салуу болуп саналат. Мына ошонун алкагында хатибияттардын бланкасын бирдиктүү бланкага өткөрдүк. Эми буйрук, сунуш кат сыяктуу иш кагаздарды да бирдей формага өткөргөнү турабыз», – деп билдирди Иманбек Азизилла уулу.

Эске салсак, буга чейин Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондук хатибияттары текшерилип, тиешелүү адиске көрсөтмөлөр жана тапшырмалар берилген.