Ош облусунун казысынын орун басары Чоң-Алай районуна иш сапары менен барды

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Чоң-Алай районуна иш сапары менен барып, дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Жыйында облус казысынын орун басары терс диний агымдардын алдын алуу жана балдарга тарбия берүү, тазалыкты сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар экендигине токтолду. Муну менен катар ысырапкерчиликтин алдын алуу жана мечиттердин каттоосу боюнча сөз болуп, имамдарга бир катар тапшырмалар берилди.

«Ар бирибиз келечек муундарыбызга жакшы тарбия берип, эң негизгиси ыймандуу кылуубуз зарыл. Ошондуктан ар кандай терс диний агымдардан оолак болуу үчүн өзүбүздө дагы Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалымат болуусу керек. Муну менен катар мечиттердин каттоосун тездетип, документ иштерине так бололу», – деди Алибек ажы Жусупов.

Ал эми казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Абдималик ажы Турсунбеков мечиттерди каттоо боюнча кеңири маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 24-февралында  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» Жарлыгы чыккан.