Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты отчёттук жыйын өткөрүп, айрым дин кызматкерлерине эскертүүлөр берилди

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты райондогу баш имам-хатибдер менен биргеликте 6 айдын отчётун чыгарды.  Отчёттук жыйындын күн тартибинде:

-2022-2026-жылдагы КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын жана КМДБнын № 01- фатвасынын аткарылышы;

-Мечиттердин каттоосу жана курулушу. Муну менен катар каттоого мүмкүн болбогон авариялык  абалдагы мечиттер;

-Диний окуу жайлар, окуу борбордун каттоосу жана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү боюнча  маалыматы;

-Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана талак маселеси;

-Хатибияттардын катчылык жана документтеринин ирээттүүлүгү боюнча маалыматтар берилди. 

Отчёттук жыйында облус казысы аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча жакынкы күндөрү окуу курсун уюштуруу пландалганын  билдирип, өз ишин мыкты алып барып жаткан имамдарга ыраазычылык айтып, айрымдарына  эскертүүлөрдү берди.