Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондун баш имам-хатибдердин отчётун угуп, хатибияттардын ишмердүүлүгүн текшерди

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондун баш имам-хатибдерине отчёттук жыйын өткөрүп, хатибияттардын ишмердүүлүгүн текшерди. Отчёттук жыйында облус казысы ар бир баш имам-хатибди жеке кабыл алып, аймактагы көйгөйлөрдү укту.

«Эң чоң отчёт бул Алла Тааланын алдында болот. Ал эми бул отчётубуз сиздердин ишмердүүлүк менен таанышуу жана аткарылган жумуштардын жыйынтыгы. Элибизге ак кызмат кылып, динибиздин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирели. Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, казыяттан келген тапшырмаларды өз учурунда аткаралы. Эң негизгиси фатваларды элге жеткирип, жакшы түшүндүрөлү. Терс диний агымдардын алдын алууда тиешелүү мамлекеттик кызмат менен бирге иштейли»,-деди облус казысы.

Облус казысы баш имам-хатибдерден  2022-жылы топтолгон садака-фитир, нике журналына катталган үй-бүлөлөр, мечиттердин каттоосу, тазалыгы жана 6 ай аралыгында аткарылган иштери менен таанышты.