Базар-Коргон районунун баш-имам хатиби Советский айылынын жашоочуларына Муфтият тарабынан чыккан фатваларды түшүндүрүп берди

Базар-Коргон районунун баш-имам хатиби  Абдулазиз кары Закиров  Советский айылынын жашоочулары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыгарылган фатваны түшүндүрүп берди.

«Ислам маданияты адамзаттын башынан өткөн мурдагы тарыхка көңүл бурууга, аны үйрөнүүгө, андагы өсүүлөр менен төмөндөөлөргө жана ийгиликтер менен ката-кемчилдиктерге көңүл бурууга үндөйт. Алардан  сабак алып өзүбүзгө жаркын келечек куруу жана аны өсүп-өнүктүрүүгө да терең маани берет.  Анткени адамзат мындан ары ката кетирбегенге аракет кылышы керек»,-деди баш-имам хатиб.

Муну менен катар Абдулазиз кары Закиров элдин ынтымагы жана биримдиги маанилүү экендигин айтып, жаштарды ыймандуу, адептүү кылып тарбиялоого үндөдү.

«Ислам маданияты жүрөктөргө тынчтык жана бейпилдик алып келүүчү Ислам таалимдери аркылуу мусулмандардын руханий жактан өсүүсүнө да өзгөчө маани берет. Ислам дини улук дин. Ал дайыма адамзаттын жан-дүйнөсүн байытууга жана аны шыктандырып турууга умтулат. Бул инсанияттын жашоосуна байланыштуу ар бир Куран аятында жана хадистерде ачык-айкын көрүнүп турат. Бул эки нерсе адамзат үчүн бул жашоодо тынчтыкка, бейпилдикке жана руханий байлыкка туура жетүү жолдорун көрсөтүп кеткен»,- Абдулазиз кары Закиров.