Сузак районунун баш имам-хатиби имамдарды кышка даярдык көрүүгө жана эл менен тыгыз иштөөгө чакырды

Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмайылов аймактагы имамдар менен биргеликте кыш мезгилине даярдык көрүү, жарандарга терс диний агымдар жана ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, зордук зомбулукту болтурбоо боюнча ата-энелерге атайын жолугушууларды уюштуруу жаатында пикир алышты.  

«Жай мезгили аяктап бара жатат. Мечиттердин жылуулугуна азыртан кам көрүп, оңдоп-түзөө иштерин жасоо керек. Муну менен катар эл менен тыгыз иштейли. Өзгөчө Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыгарылган фатваларды жакшы түшүндүрөлү»,-деди Жунус ажы Исмайылов.