Ош шаарында «Аялдардын ислам дининдеги орду» деген темада жыйын өтүп, ага дин аалымдары катышты

Ош шаарынын Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан «Бадр» мечитинде «Аялдардын ислам дининдеги орду» деген темада жыйын болуп өттү.

Жыйынга Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов, дин аалымы Абдилазиз ажы Юлдашев жана айымдар катышты.

Жыйында кошуналар, кайнене-келиндин ортосундагы мамилени бекемдөө жана ажырашуулардын алдын алуу боюнча баяндамалар жасалып, суроо-жооп менен жыйынтыкталды.