Ноокендин баш имам-хатиби жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, мечиттердин каттоосу, ысырапкерчилик жана терс диний агымдардын алдын алууну сүйлөштү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Масы айыл аймагынын башчысы Азамат Нарматов менен жолугушуп, мечиттердин каттоосу, ысырапкерчиликтин алдын алуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен терс диний агымдардын алдын алуу жаатында пикир алышты.

“Масы айыл аймагында каттоодон өтө элек мечиттер бар. Документ иштерин бүткөрүп, каттоодон өткөрүүгө жакындан жардам берүүңүздү сурайм. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу алкагында түшүндүрүү иштерин биргеликте  жүргүзүп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыгарылган фатваны элибизге жеткирсек. Ошондой эле радикализм жана экстремизмдин кесепеттери боюнча калайыкка туура маалымат берип, жаштарды билим алууга жана китеп менен дос болууга үндөө маанилүү болуп турат”,-деди баш имам-хатиб.

Андан соң баш имам-хатиб Масы айыл аймагынын депутаты  Тайыр Абдукаримов менен жолугушуп, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) эсептик каттоосунан өтө элек мечиттерди каттоо иштерин ыкчамдатуу маселелери боюнча пикир алышты.  Муну менен катар  тараптар биргеликте иш алып барууга макулдашты.