Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Казакстанда курулган Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышына катышты

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Казакстанда курулган  Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышына катышты. Саамалыкка Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышып, мусулман коомчулугун жаңы мечиттин ачылышы менен куттуктады. Муну менен катар Монголия Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийлери, Орусия Федерациясынын мусулмандарынын дин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары,   Москва Ислам Университетинин ректору Дамир ажы Мухетдинов жана элчилер катышып,   каалоо-тилектерин айтышты.

Салтанаттуу аземдин алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кыргыз элинин саламын жолдоп, эки өлкөнүн достугу жана Дин Башкармалыктар ортосундагы алака мындан дагы бекемделе бере тургандыгын билдирди.

Мечит жайгашкан жер тилкесинин жалпы аянты 10 гектарды же  68 062 чарчы метрди түзөт. Куполун бийиктиги 83,2 метр, диаметри 62 метрди түзөт. Мечиттин төрт мунарасы бар. Анын бийиктиги 130 метр. Кошумчалай кетсек, мечиттин жер астындагы кабатында 440 орундуу банкет залы, 405 орундуу жабык унаа токтотуучу жай, вестибюль, даараткана, техникалык жана диний саамалыктарды тейлөөчү жана курмандык чалынуучу жай бар.

Биринчи жана экинчи кабаттарда намаз окулуучу жайдан тышкары окуу бөлмөлөрү, жыйындар залы, нике залы, Куран окуу залы, телестудия, кеңселер, тейлөө бөлмөлөрү, дүкөндөр, музей жана техникалык бөлмөлөр бар.

Мечиттин жалпы сыйымдуулугу 235 000 адамды түзөт, демек бул сандагы адамдар бир убакта кезекке туруп, намаз окуй алышат. Ачык аянтта бир эле учурда 200 000ге жакын адам ибадат кыла алышат. Башкача айтканда 30 000 адам трибунада жана короо аянтында, 170 000 адам мечиттин короосуна батат. Мечиттин ичинде 35 миң адам батса, 30 миң орун  эркектер үчүн, ал эми аялдар үчүн бөлүнгөн жерде 5 миң адам намаз окуй алат.