Ош шаарындагы «Хабибахан ажы апа» атындагы аялдардын диний окуу борборунда уюштурулган кыска мөөнөттүү Куран курсу жыйынтыкталды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов «Хабибахан ажы апа» атындагы аялдардын диний окуу борборунда уюштурулган кыска мөөнөттүү Куран курсун аяктагандарга сертификаттарды тапшырды.

Аталган иш-чарада шаар казысы Мурзакул кары Осмонов диний окуу борбордун студенттерине илим алуунун зарылдыгы жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча баяндама жасады.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, дин аалымы Абдилазиз ажы Юлдашев, диний окуу борбордун эмгек жамааты жана студенттери катышты.

Айта кетсек, кыска мөөнөттүү Куран курсунун катышуучулары 3 парага чейин Куран жатташкан.