Азирети Муфтий: Мамлекетибиздин эгемендүүлүгү, динибиздин эркиндиги Алла Тааланын эбегейсиз чоң жакшылыгы, белеги

Урматтуу мекендештер жана кадырлуу мусулман бир туугандарым!

 Мамлекетибиз өзүнүн эгемендүүлүгүнүн отуз биринчи жылдыгын белгилеп жатат. Алла Таалам бизге дайыма эгемен эл бойдон калууну, куттуу элибиздин ар дайым ынтымакта, биримдикте жашоосун, берекелүү жерибизде түбөлүктүү тынчтыктын орноосун насип кылсын деп Алла Тааладан тилейм!

Биз, талыкпаган эмгекте, ынтымак-ырашкерликте гана мамлекетибизди өнүктүрө алабыз. Мамлекетибиздин эгемендүүлүгү, динибиздин эркиндиги Жараткан Алла Тааланын эбегейсиз чоң жакшылыгы, белеги. Алла Таалага чексиз шүгүр, токсон пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, өмүрүбүздү өткөрүп жатабыз.

Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун! Мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, диний сөздөр эркин айтылууда. Келгиле! Диний баалулуктарды, улуттук каада-салтыбызды эске алуу менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу жана гүлдөгөн өлкөлөрдөн болуусуна ар бирибиз салым кошолу. Мамлекетибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн улут-урууга, жерлерге бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык иш-чараларга азгырылбай сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен жашайлы.

Алла Таала элибизге жана мекенибизге тынчтыкты, бакубат жашоону насип кылсын.

Сиздерди терең урматтап, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев