Азирети Муфтий Москвадагы мекендештер менен жолугушуп, бактылуу үй-бүлө, мекенди сүйүү боюнча баяндамаларды жасап, алардын суроолоруна жооп берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушуп,  бактылуу үй-бүлө, мекенди сүйүү жана кызмат кылуу, бала тарбиясы боюнча баяндамаларды жасап, алардын суроолоруна жооп берүүдө.

Муну менен катар Азирети Муфтий мекендештерди ыймандуу, адеп-ахлактуу болууга үндөп, башкалар үчүн үлгү болууга чакырды.

«Кыргызстан деген мамлекетибиздин атын булгабашыбыз керек. Кайсыл өлкөдө болбоңуздар аанын мыйзамдарын так сактоо керек. Эң оболу ынтымак менен биримдикти бекемдеп, бири-бириңиздерди таштабаңыздар. Бирөөгө жардам берүүдө ал ишти Жараткан Алла Таала билип турат. Сообун эселеп кайтарып берет»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми дан аалымдары Бактияр ажы Шарапов менен Абдулазиз ажы Юлдашов ислам дининин баалуулуктары боюнча баяндамаларды жасап, терс диний агымдардан оолак болууга чакырышты.