Бишкек шаарынын Ленин районунун имамдары карылар үйүн зыярат кылышты

Бишкек шаарынын Ленин районунун имамдары Болот Кулуев,  Бекказы Азыков  калаадагы карылар үйүн зыярат кылышып, аксакалдардын батасын алышты. Муну менен катар имамдар акчалай жардам көрсөтүшүп, мындан кийин жакындан кызматташа тургандыгын айтышты.

«Карысы бардын ырысы бар эмеспи. Аксакалдардын батасын сөзсүз алышыбыз зарыл.  Карыларыбызды сыйлап, урматтоо милдетибиз. Буюрса аз дагы болсо көмөк көрсөтүп турабыз»,-деди Абдулла ибн Аббас мечитинин имамы Болот Кулуев.

Ал эми карылар үйүнүн эмгек жамааты дин кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.