Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жалпы диний окуу жайлардан жетекчилери менен жолугушуп, жаңы окуу жылына даярдыктарды текшерди

Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков бүгүн, 30-август күнү облустагы жалпы диний окуу жайлардан жана окуу борборлордун жетекчилери менен жолугушуп, 2022-2023-жылдагы окуу жылына даярдыктар, окуу пландарынын жана программаларын Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасынын негизинде түзүү, окуу китептеринин жетиштүүлүгү, шарттар жана талалык маселелери каралды.

«Облусубузда 14 медресе, 1 иниститут жана 11 окуу борбору бар. Бардыгы  мамлекеттик каттоодон өткөн. Эми биз балдардын билимине көңүл буруп, илимй эмгектерди, китеп окуу же билим сапатын текшерүү боюнча атайын сынактарды өткөрүп, балдарга шык берели. Ар бир диний окуу жайдын жетекчиси студенттерге жумасына 2 жолу лекция өтүп туруусу керек. АВЕП коомдук фонду тарабынан студенттерге кошумча кесиптик билим берүү үчүн атайын техникалар алынган эле. Кесиптик билим маанилүү жана замандын талабы болгондуктан окуу жайды аяктаган улан-кыздарыбыз үчүн өз пайдасын тийгизет. Эң маанилүүсү окуу жайлардын санитардык тазалыгына катуу көңү бурууну тапшырам. Биз дагы регулярдуу түрдө текшерүүлөрдү жүргүзөбүз»,-деди облус казысы.

Жыйында облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси  Арпидин ажы Жороев тарабынан студенттерди бирдиктүү формага өткөрүү сунуштады.