Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбеков жана район акими Алгынбай Имаров аймактагы диний абалды жана ысырапкерчиликти талкуулашты

Талас облусунун Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбеков  район акими Алгынбай Имаров менен жолугушуп, аймактагы диний абал, ысырапкерчиликти токтотуу жана мечиттердин каттоосу боюнча пикир алышты. 

Райондун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбеков  айрым мечиттердин документ иштерин бүткөрүүдө кыйынчылыктар орун алып жаткандыгын айтып, жергиликтүү бийликтин жардамы керектигин билдирди. Ал эми ыксыз чыгымдарды азайтууда жана маркумдарды акыркы сапарга узатууда да көйгөйлөр бар экендигин кошумчалады.

«Ысырапкерчиликтин алдын алууда  бизде да бир топ маселелер бар. Жакынкы күндөрү айыл өкмөттөр менен жыйын өтөт. Жыйында дал ушул  эки маселе боюнча тапшырмаларды беребиз. Ал эми мечиттердин документтери боюнча тиешелүү мекемелерге жардам берүү боюнча айтабыз»,-деди Алгынбай Имаров.