Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов райондордун баш имам-хатибдерин кабыл алып, иш пландын жана муфтият, казыяттан келген буйруктардын аткарылышын текшерди

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Руслан ажы Жумагулов Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук району, Чүй жана Ысык-Ата районунун баш имам-хатибдерин кабыл алып, иш пландын  жана муфтият, казыяттан келген буйруктардын аткарылышын текшерди.

Ар бир баш имам-хатиб облус казысына отчётторун берип, аймактагы диний кырдаал боюнча маалымат беришти. Ал эми облус казысы тери диний агымдардын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иштөө, жаңы окуу жылында билим берүү мекемелери менен кызматташып, окуучуларга өз өмүрүнө кол салуунун жана талап-тоноочулуктун шарияттагы ордун түшүндүрүү керектигин билдирди.

«Балдар биздин келечек. Андыктан балдарды ыймандуу  тарбиялоодо ата-эненин орду чоң. Биз ата-энелер менен жана балдар менен иштеп, мугалимдерге дагы жардам беришибиз керек. Балдар мектептен билим алса, үйдөн таалим-тарбия, адеп-ахлакты үйрөнүп, келечекте мыкты инсан болуулары керек. Муну менен катар имамдар ысырапкерчиликтин алдын алуу жана бул жаатта чыгарылган КМДБнын фатвасын элге туура жеткирүүбүз керек. Кыш мезгили бат эле келет. Мечиттердин тазалыгына жана жылуулугуна кам көрүңүздөр»,-деди Руслан ажы Жумагулов.