Ноокат районунун баш имам-хатиби Т. Зулпуев айыл өкмөтүн зыярат кылып, эки тараптуу иш алып баруу боюнча макулдашты

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Канатбек Саланов менен жолугуп, каттоодон өтпөгөн мечиттердин документтерин даярдоодо эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты.

«Азыр райондогу КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) эсептик каттоосунан өтө элек мечиттерди каттоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруудабыз. Бул иш бир гана хатибияттын эмес, райондук мамлекеттик администрация жана айыл өкмөттөрдүн да функциясына кирет деп ойлойм. Ошондуктан сиздер бизге документ жагынан жакындан жардам көрсөтүшүңүздөрдү сурайм», – деди баш имам-хатиб.