Сузактын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов райондогу жума мечиттердин имамдарына жыйын өткөрүп, жума хутбаларына көңүл буруу маселеси каралды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов райондогу жума мечиттердин  имамдарына жыйын өткөрүп, анда терс диний агымдардын алдын алуу, ысырапкорчулукка жол бербөө, жаштардын адеп-ахлагына көңүл буруу менен туура диний баалуулуктарды жеткирүү, мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү ылдамдатуу маселеси каралды.

Баш имам-хатиб Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана облустук казыяттан келген тапшырмалардын, буйруктардын аткарылышы боюнча имамдардын отчётторун укту.

“Районубузда жылдын башында 22 мечит каттоодон өтө элек болсо, август айына чейин 17 мечитти каттоодон өткөрүп, учурда  5 мечит калды. Бул жакшы көрүнүш.  Мындан сырткары жума мечиттеринде айтылуучу жума хутбаларына көңүл буруп, ар бири КМДБ тарабынан бекилген бирдиктүү темада айтылуусу милдеттүү. Мечиттердин жылуулук системасын карап чыгып, кышка даярдоо керек. Ал эми жаштар менен иштөөдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташыңыздар”,-деди Жунус ажы Исмаилов.