Сайдамир ажы Жейналиев «Имам-Азам» мечитинин курулушу менен таанышты

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Суу районуна болгон иш сапарынын алкагында Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Имам Азам» мечитинин курулуш иштери менен таанышты. Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров курулуш менен тааныштырып, диний объект боюнча маалыматтарды берди.

«Мечит-медресенин курулганы өтө жакшы көрүнүш. Курулушка салым кошуп жаткан бардык бир туугандарга ыраазычылык билдирип, ыракмат айтам. Эми негизгиси ушул мечит ибадат менен абад болушу зарыл», – деп билдирди облус казысы.

Сайдамир ажы курулуп жаткан мечитти тез арада эсептик каттоодон өткөрүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берди.