Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондордун баш имам-хатибтерин кабыл алып, алардын иш планынын аткарылышын текшерди

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондордун баш имам-хатибтерин кабыл алып, алардын иш планынын аткарылышын текшерди. Муну менен катар облус казысы мечиттердин тазалыгы, каттоосу,  кышка даярдыгын, имамдардын  билимин жогорулатуу жаатындагы иштер менен таанышты.

Муну менен катар облус казысы жаңы окуу жылында жалпы билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташып, билим алуунун пайдалары, талап-тоноочулуктун шарияттагы ордун түшүндүрүп, окуучуларды мугалимдерди сылоого жана өз өмүрүнө кол салуунун өкүмүн түшүндүрүү керек экендигин билдирди.

«Мечиттердин тазалыгы маанилүү. Жарандарыбызга бардык шарттар түзүлүшү керек. Ошондуктан мечиттердин дааратканаларын тартипке келтирип, шарты жокторду оңдоо керек. Муну менен катар билим берүү мекемелери менен биргеликте окуучулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл»,-деди облус казысы.