Өзгөндө 60 кароого муктаж үй-бүлөгө окуу куралдары жана азык-түлүк баштыкчалары таратылды

Кечээ, 30-август күнү Өзгөн районунун борбордук мечитинде Өзгөн райондук хатибияты «Жакшылык үчүн биримдик» фонду менен биргеликте ата-энесиз калган балдардын үй-бүлөсүнө 60 даана окуу куралдары салынган баштыкчалары менен азык-түлүк баштыкчаларын таратты.

«Берешендик береке алып келет. Жаңы окуу жылынын башталышы алдында муктаждарды кубандыруу биз үчүн чоң сыймык. Колдоо көрсөткөн  «Жакшылык үчүн биримдик» фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.