Кадамжайда аялдар арасында Куран жарышы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнө караштуу “Пум” мечитинде  аялдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай районунун баш имам хатиби Ибрахим ажы Хаиткулов катышып, Куран жаттоонун жана аны башкаларга үйрөтүүнүн сообу туурасында  баяндама жасап, катышуучуларды Куран жаттоого жана ага амал кылууга чакырды.

“Куран, адамдын кулк-мүнөзүнүн өзгөрүшүнө себепчи болот. Келечекте мындай Куран жарыштарын өткөрүүнү уланта бермекчибиз”,-деди Ибрахим ажы Хаиткулов.

Сынак 1 пара жаттоо жана көркөм окуу боюнча болуп, жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан белектер тапшырылды.

“Куран окуган   адамдын мүнөзү жумшарып, инсан өзгөрөт экен. Башында аны жаттай албай  кыйналгам. Негизинен Куранды окуган адам өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жүрүм-турумуна кылдаттык менен мамиле жасайт экен”, — дейт катышуучулардын бири.