Баткен облусунун Кадамжай районундагы өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы.
“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).
Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамааты Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну, маркум бир тууганыбыздын ата-энесине жана тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жараткан Алла Таала маркум карындашыбызды Өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.