Мечиттерде балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети боюнча баяндамалар жасалмакчы

Баткен облусунун Кадамжай районундагы өспүрүм кыздын мыкаачылык менен  өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин  балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы.

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамааты Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну, маркум бир тууганыбыздын ата-энесине жана тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.  

Жараткан Алла Таала маркум карындашыбызды Өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.