Мечиттердин каттоосун жөнгө салуу боюнча жумушчу топ Талас облусундагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришти

Мечиттердин каттоосун жөнгө салуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Асанбай ажы Бекматов, орун басары жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Талас шаарынын борбордук Аль-Ааль Байт мечитинде Талас облусундагы дин кызматкерлери менен жолугушту. Аймактагы имамдар менен болгон жолугушууда мечиттердин каттоосу жана документтердин туура толтурулушу, тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен иштөө, хатибияттардын кириш-чыгыш иш кагаздарынын туура толтурулушу каралды.

Муну менен катар ысырапкерчилик, зомбулуктун алдын алуу жана эл менен тыгыз иштешип, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, ушундай эле жолугушуу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында дагы улантып, имамдар өздөрүнүн суроолорун беришти.