Манас райондук хатибияты 50 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк жаатында жардам берди

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев имамдар менен биргеликте 50 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк жаатында жардам берди.

Райондун  баш имам-хатиби кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөткөн ишкерлерге ыраазычылыгын билдирип, муктаждардын аз дагы болсо көйгөйлөрү чечилгендигин билдирди.

«Колубуздан келип турганда муктаждарды дагы ойлоп туралы. Садака берүү менен инсандын руханияты тазаланат, арууланат. Күз айында үшүр, зекеттерибизди берели»,-деди баш имам-хатиб.