Токмоктогу имамдар улуттар аралык достукту бекемдөө, ысырапкорчулукту токтотуу, мечиттердин тазалыгы, кыш мезгилине даярдык көрүүнү талкуулашты

Кечээ, 5-сентябрда Токмок шаарындагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, улуттар аралык достукту бекемдөө, ысырапкорчулукту токтотуу, мечиттердин тазалыгы, кыш мезгилине  даярдык көрүү жана мечиттердин каттоосун тездетүү жаатындагы маселелер каралды.

Муну менен катар жыйында жаштар менен иштөө жана аларга терс диний агымдар боюнча маалымат берилип, ислам дининин баалуулуктарын жеткирүү, улуттар аралык достук жана эл ортосундагы ынтымакты чыңдоо жаатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.