Баткен облусунун казысы “Ыйман” гимназиясынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Бүгүн,  5-сентябрда КР Президентинин  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков, Түркиянын Диянет фондунун өкүлү Умут Али Унал, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, ОшМУнун “Ыйман” гимназиясынын директору Т.Маматов, БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов жана професордук-окутуучулук курам, гимназиянын мугалимдери, окуучулары, ата-энелеринин катышуусунда БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чараны жүрүшүндө  Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров сөз сүйлөп, окуу жай келечек муундардын өнүгүшүнө зор салым кошкон, адилеттүү, ыймандуу жаштарды тарбиялоодо мыкты мекеме болуусуна тилектеш экендигин билдирди.    

“Ыйман” гимназиясы БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязовдун Түркия Республикасына болгон иш сапарында жетишилген келишимдерге ылайык  2021-жылы Түркия мамлекетинин колдоосу жана каржылоосу аркылуу БатМУнун базасында ачылып,  октябрь айынан баштап окуучуларды кабыл алган.