Ала-Бука, Аксы, Чаткал районундагы дин кызматкерлерине «Билимдүү имам» аттуу 2 күндүк окуу семинары башталды

Ала-Бука, Аксы, Чаткал районундагы дин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан  уюштурулуп жаткан «Билимдүү имам» аттуу 2 күндүк окуу семинары башталды.   

2 күндүк окуу семинарында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү менен КМДБнын кызматкерлери Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы, соода-сатык эрежелери, зекет, үшүр, адал сертификат, нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча атайын сабактарды өтүшүүдө.

«Имамдарыбыз өтүлгөн сабактарды жакшылап өздөштүрүп алышса, элибизге жеткирүү бир топ жеңил болот. Эл менен иш алып барууда жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө дин кызматкерлеринин орду чоң. Биз карапайым калкыбызды адал ырыскылантууга үндөй берели. Ал үчүн Муфтиятта атайын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү ачылды. Кандай гана маселе болбосун байланышып, толук маалымат алсаңыздар болот. Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүп, карапайым калкыбызга үйрөтүңүздөр»,-деди КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев.

Ал эми семинардын окутуучулары имамдар үчүн атайын электрондук колдонмолорду даярдашып, өзгөчө Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүүгө чакырышууда.