Өзгөн районунда айымдар үчүн Концепциянын багыттарын таанытуу жана диний баалуулуктар боюнча жолугушуу өттү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы ОшТУнун техникалык колледжинде 2021-2026-жылдарга карата жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жана диний баалуулуктар боюнча айымдарга маалыматтар берилди.

Иш-чарага ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана райондогу айымдар катышты.

Жыйында ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, дин багытындагы мыйзам актылары жана жаңы кабыл алынган Концепциянын артыкчылыктары боюнча маалыматтарды берди.

Ал эми Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров айымдарды диний принциптерди жана мамлекеттик мыйзамдарды так сактоого чакырды.