Баткен облусунун казысы диний окуу жайларынын жетекчилерине окуу жайлар ортосунда тажрыйба алмашууну колго алуу тапшырмасын берди

Бүгүн,  5-сентябрда Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун жана  казыят кызматкерлеринин катышуусунда аймактагы медресе мүдүрлөрүнө жыйын өттү.

Окуу жылынын башында өткөн жыйында диний окуу жайлардын иш кагаздардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, иш-чарларды уюштурууда казыят менен макулдашуу, окуу жайлар арасында тажрыйба алмашууну колго алуу жана  кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Муну менен катар облус казысы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн сунуш-пикирлерин угуп, бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 14 медресе иштеп келет.