Абу Бакр Сыддыктын (а.с) насааты бүгүн да актуалдуу

         Урматтуу мусулман бир-тууган! Сиз билесизби? Динибизде бүгүнкү жашап жаткан күнүбүздө адамдар өздөрүнө адат кылып алган жагымсыз бир иш бар. Ал башкалардан өзүн өйдө көргөн, Аллах Таала сүйбөгөн жана сүйүктүү жол башчыбыз Мухаммад (Аллахтын ага тынчтык-саламы болсун!) бизди андан сак болууга эскерткен амал – текеберлик.

        Аллах Таала текебер пенделерин Өзүнүн туура жолунан буруп койорун эскертип мындай деп айткан: «Мен жерде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөн адамдарды (кудуретиме белги болгон) аяндардан (сабак ала албай турган кылып) буруп коёмун» (Аъраф, 146).

         Ошондой эле Аллах Таала текебер адамдарды сүйбөгөндүн айтат: «Чынында, ал текебер адамдарды сүйбөйт» (Нахл, 23).

          Ияз ибн Химар (Аллах андан ыраазы болсун!) Аллахтын Элчисин (ага Аллахтын – саламы болсун!) мындай деп айтканын кабарлайт: «Аллах Таала мага вахий кылып, жөнөкөй болууну буюрду. Бирөө башка бирөөгө текеберчилик кылбасын жана бирөө башка бирөөгө зулумдук жасабасын» (Муслим).

         Ибн Аббас (Аллах ал экөөнөн тең ыраазы болсун!) Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын саламы болсун!) баяндаган хадисте мындай дейт: «Ар бир адам башында тизгин болот, ал тизгин бир периштенин колунда болуп, эгер киши жөнөкөй болсо, периштеге: «Анын мартабасын (даражасын) жогорулат», деп айтылат. Эгер ал текеберчилик кылса, периштеге: «Анын кадыр – баркын төмөндөт», деп айтылат» (Табараний. Мунзирий «Таргиб» китебинде (5/182) жана Хайсамий «Мажмаъ аз – заваид» китебинде (8/82) хасан деп айткан) .

 Абдуллах ибн Амр ибн Астан (Аллах экөөнөн тең ыраазы болсун!) баяндалат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы болсун!) мындай деп айтканын уктум: «Кимдин жүрөгүндө чаңчалык текеберчилик болсо, Аллах аны жүзү менен жерге сүйрөлгөн абалда тозокко киргизет» (Муслим).   

        Хасан Басрий (Аллах аны Өз ырайымына алсын!) айтты: «Таң калыштуу нерсе, адам баласы ар күнү колу менен булганыч жерлерин жууйт жана дагы асман жерди моюн сундурган Затка каршы чыгат».

Айша (Аллах андан ыраазы болсун!) айтты: «Силер ибадаттын эң абзелинен капилетсиңер –  ал (ибадат) жөнөкөйлүк».

      Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун!) айтты: «Айкөлдүктү такыбалыктан, байлыкты бекем ишенимден, кадыр – баркты кичи пейилдиктен таптык».

      Жараткан баарыбызды текебердик илдетинен сактасын!

      (Макала      Жалал-Абад шаарынын баш-имам хатиби Ислам Амиршаевдин котормосуна таандык “Аллах сүйгөн пенделер” китебинен алынды)

Даярдаган: Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын катчысы Мусурманкулов К