Кочкор районунун Ак-Чий айылында 250 орундуу “Кожомкул уулу Белек молдо” атындагы мечит мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин пайдаланууга тапшырылды

Кечээ, 4-сентябрь күнү Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон аймагындагы  Ак-Чий  айылында 250 орундуу “Кожомкул уулу Белек молдо” атындагы  мечит Катар кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулуп,  пайдаланууга тапшырылды. Мечиттин ачылышы менен кошо документтери толук бүткөрүлүп, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн.

Саамалыкка айыл башчысы Аскер Алкожоев, Чолпон айылынын жоопту катчысы Алтынбек Качкынбеков, Кочкор районунун имам-хатибинин орун басары Рахат Карабашов жана айыл тургундары катышып, демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын айтышты.

«Мечит айылыбыздын билим булагы болсун. Мечитке келген жаштар арам иштерден алыс болуп, келечекте элибизге кызмат кылган ыймандуу, адеп-ахлагы бийик жаштардын өсүп чыгуусуна тилектешмин»,-деди айыл аксакалы Казыбек Шаршенов. 

Ал эми Кочкор районунун имам-хатибинин орун басары Рахат Карабашов мечиттин ачылышы менен бирге каттоодон өткөндүгү чоң жетишкендик экендигин айтып, бул жаатта жакындан жардам берген Жыргалбек Белековго ыраазычылык билдирип, хатибияттын атайын алкыш баракчасы менен сыйлады. 

Кожомкул уулу Белек Молдо деген ким?

Кожомкул уулу Белек Молдо 1930-жылдары Бухара өрөөнүнөн илим алып , ал жакта имамчылык кылуу менен бирге элди жакшылыкка үндөп келген. Ал алган билимин калайык калкка арнап, калк  башында туруп, артынан эл ээрчиткен  аалымдардан болгон.