Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Иркутскта эмгектенип, окуп жаткан мекендештер менен жолугушуп, Куран жаттап жаткан балдарга батасын берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Иркутск облусунун мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын муфтийи Фарит ажы Мингалеев менен биргеликте мекендештер менен жолугушту.

Азирети Муфтий Иркутскта эмгектенип, окуп жаткан мекендештер менен жолугушуп, үй-бүлө баалуулугу, балдардын тарбиясы, энени сыйлоо, терс диний агымдардан оолак болуу темаларында баяндама жасады.

“Кайсыл гана мамлекет болбосун ал өлкөнүн мыйзамдарын так сактап, кыргыз элин үлгүлүү кылып көрсөтөлү! Диний тараптан көйгөйлөр болсо, расмий Дин Башкармалыктарына кайрылып, туура жоопту алыңыздар. Эң оболуу ыйманды бекемдеп, адеп-ахлакты оңдойлу!”,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий Куран жаттап жаткан  балдар менен жолугушуп, өзүнүн батасын берди.

Эскерте кетсек, жолугушуу КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев тарабынан уюштурулган.