Адамдар баркына жетпеген эки нерсе бар

Убакытты текке кетирбей, аны туура пайдалануу мусулмандын сыпаты. Ошондуктан «Бекерчиден кудай безер», «Бекер жүргүчө, бекер иште» деп айтылат. Убакыт учкан куштай зымырап өтүп жаткан мезгилде  өмүрүбүздү жалкоолук менен өткөрүү адам баласына зыяндан башка эч нерсе алып келбейт.  Адамдар менен маек куруп, тил табышуу жакшы. Бирок балдын да көбү зыян демекчи, ар бир нерсенин чеги менен болуусу абзел.

Ааламдашуунун негизинде жаңы технологиялар пайда болууда. Бирок алар бычак сыяктуу, ал ашканада колдонулса жакшы, адам өлтүрүү үчүн колдонулса жаман дегендей эле кеп. Мисалы: Телефонду колдонуу аркылуу көптөгөн маалыматтарды табууга, алыстагы туугандарыбыз менен байланышуу түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми аны ашыкча колдонуу же туура эмес багытта колдонуу менен убакытты коротобуз. Жада калса, алыстагы тууган эмес, жаныңдагы ата-энебизге көңүл бурулбай калууда.

Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Беш нерсени, беш нерсе келээрден мурда пайдаланылып кал. Карылык келбестен жаштыгыңды, ооруп калаардан мурда ден соолукту, кедей болуудан мурда байлыгыңды, бир нерсе менен алек болоордон мурда бош убактыңды, өлүм келээрден мурда өмүрүңдүн» — деп айткан.

Албетте убакытты токтотуп, кармап кала албайбыз. Аны пайдалуу өткөрүү менен жашоону берекелүү кылса болот. Анткени өз жашоосун илим жолунда, эл-журтка пайдасы тийип, берекелүү өткөргөн акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт деп айтылат. Ал эми кээ бир адамдар тирүүсүндө өлүк сыяктуу. Бул өмүрүн жалкоолук менен өткөрүп, колунан жакшылык келбеген адам.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Адамдар баркына жетпеген эки нерсе бар. Алар ден соолук жана бош убакыт»— деп айткан. Ошондуктан эртең, эртең деп жүрүп өмүрдүн аягына келип калууңуз мүмкүн. Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбаңыз!

Эрте турган жигиттин ырыскысы артык болот. Түндөсү эс алып, күндүзү эмгектенүү боюнча кереметтүү Курандын төмөнкү аяттарында баяндайт:

«Тиричилик үчүн күндүздү жараттык»
(Набаа сүрөөсү 11-аят)

«Аллах силерге Өз ырайымы менен түндү тыныгышыңар, ал эми күндүздү Анын жакшылыгын издешиңер үчүн жараткан. Албетте, (Аллахка) шүгүр кылаарсыңар»
(Касас сүрөөсү 73-аят)

«Чын эле алар Биз түндү эс алуу үчүн кылганыбызды, а күндүздү жарык кылуу үчүн кылганыбызды көрүшпөйбү? Акыйкатта, мында ыймандуулар үчүн белгилер бар»
(Намл сүрөөсү 86-аят)

«Түн менен күндүздү эки белги кылдык. Түндү караңгы кылып, күндүздү Эгеңердин кеңчилигинен насип издөөңөр, жылдардын санын, (мезгилдин) эсебин билүүңөр үчүн жарык кылдык. Жана да ар нерсени бөлүп баян кылдык»
(Исра сүрөөсү 12-аят)

«Ал силердин эс алууңар үчүн түндү, көрүүңөр үчүн күндүздү кылган. Албетте, мында уга турган адамдар үчүн айат-белгилер бар»
(Юнус сүрөөсү 67-аят)

Айтоор Кереметтүү Куранда түнү эс алгыла, күндүзү эмгектенгиле деп убакытты бөлүштүрүп койгондугун байкоого болот.

Даярдаган: Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Акпарали уулу Алибек