Базар-Коргон, Ноокен району, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарындагы жалпы мечит имамдары “Билимдүү имам” аттуу 2 күндүк окуудан өтүштү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен району, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарындагы жалпы  мечит  имамдарынын билим деңгелин жогорулатуу максатында Ханафий  мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча “Билимдүү имам”  аттуу 2 күндүк окуу  семинары жыйынтыкталды. Окуу Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп, анда имамдар мазхаб,  Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы, соода-сатык эрежелери, адал сертификат,  нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча билимдерин жогорулатышты.

«Окуу семинары 3-4-сентябрда Базар-Коргон, Ноокен району, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарында болду. Эртең 5-6-сентябрда Ала-Бука, Аксы, Чаткал районунда өтөт. Ал эми 7-8-сентябрда Токтогул районунда жана Кара-Көл шаарында өтүп, квалификациясын жогорулаткан имамдарга атайын сертификат берилмекчи»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Равшан ажы Эратов.

Эскерте кетсек, “Билимдүү имам”  аттуу эки күндүк окуу  семинары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган КР Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын, КМДБ тарабынан кабыл алынган иш пландын алкагында өтүүдө.