Мечиттердин каттоосун жөнгө салуу боюнча жумушчу топ Ысык-Көл облусундагы жалпы дин кызматкерлери менен жолугушуп, көйгөйлөрдү укту

Мечиттердин каттоосун жөнгө салуу боюнча жумушчу топ иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барышып, мечиттердин каттоосу боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышышты. Жумушчу топтун  төрагасы Асанбай ажы Бекматов, орун басары жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов мечиттерди каттоого тиешелүү документтердин туура толтуруу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу жаатында пикир алышып, дин кызматкерлерине тиешелүү тапшырмалар  берилди. Муну менен катар №5 токтомдун аткарылышы жана казыят, хатибияттардын кириш-чыгыш иш кагаздары, үшүр, зекет маселеси боюнча сөз болуп, имамдардын сунуш-пикирлери угулду.

«Имамдар болгон болгон жолугушууда бардык райондордун баш имам-хатибдери, имамдар катышып, мечиттердин каттоосун жөнгө салуу боюнча жумушчу топ менен документ иштери боюнча пикир алышуу жемиштүү болду. Муну менен катар имамдарыбыз өздөрүнүн сунуштарын, тоскоолдуктарды дагы айтышып, бир топ тапшырмалар берилди. Эми бул жаатта ишибизди жандантабыз»,-деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.