Баткен шаарынын жашоочусу, эс алуудагы ардактуу дин кызматкери Эсанали ажы Шергазыев Баткен казыятынын ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Баткен шаарынын жашоочусу, эс алуудагы ардактуу дин кызматкери Эсанали ажы Шергазыев ислам динин асыл баалуулуктарын коомго жеткирип, жаштарды адептүүлүккө тарбиялоодо, эл арасындагы ынтымакты бекемдеп, облустук казыят менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Сыйлыкты облустун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен районунун борбордук Абубакир Сыдык мечитинде тапшырып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.