Алай жана Чоң-Алай райондорундагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, жаштар менен иштөө тапшырмасы берилди

Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорундагы айрым дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болуп өтүп, ага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Абдималик ажы Турсунбеков, эки райондун баш имам-хатибдери жана дин кызматкерлери катышты.

Жыйында ысырапкорчулук менен күрөшүү, экстремизмдин алдын алуу, жаштардын адеп-ахлагына көңүл буруу жана мечиттерде атайын сабактарды уюштуруу,  райондордогу эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттерди тактоо маселеси каралды.

«Учурда ар кандай диний агымдар бар. Биз элибизди ислам атын жамынган радикалдык жана экстремисттик багыттардын бузук идеяларынан коргошубуз керек. Анын эң жакшы жолу салттуу ислам негиздери боюнча көп-көп маалымат берүү болуп саналат», – деп билдирди казынын орун басары.