Жалал-Абад шаарында уюштурулган “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинарына 300 имам катышып, атайын сертификаттарга ээ болушту

 Бүгүн, 2-сентябрда   Жалал-Абад облусунун Сузак районунун “Солихийн жума”  мечитинде  Сузак, Тогуз-Торо районунун жана  Жалал-Абад шаарындагы дин  кызматкерлерине өткөрүлгөн “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинары жыйынтыкталды. Окуу семинарына 300 имам катышып, атайын сертификаттарга ээ болушту.

Имамдарга сертификат тапшыруу саамалыгына Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков катышып,  “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинары аймактардагы имамдар үчүн пайдалуу жана Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасын терең үйрөнүүгө чоң өбөлгө болгонун баса белгиледи.