Үй-бүлө бул – аманат

(Иллюстрациялык сүрөт)

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ислам дини ар бир инсанды жаратылышта анын кадырын бирдей кылып жараткан. Бардык жан-жаныбар жуп-жубу менен жаратылган сыяктуу, адам баласы да эркек-аялдан турат. Демек, ак нике менен турмуш жолуна аттанган соң, бири-бирин урматтап жашашы зарыл. Бул туурасында Кереметтүү Куранда мындайча баяндалат:

وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُمْ مَوَدَّةً وَرَحْمَةً ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

«Агабайыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да – Анын белгилеринен. Чындыгында, ой жүгүрткөн эл үчүн ушуларда белгилер бар».  (Руум сүрөсү, 21-аят)

والله جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ .

«Аллах жыныстарыңардан {Адамдардан(периштелерден эмес!)} жубай жаратты. Жубайларыңар аркылуу силерге балдарды, неберелерди пайда кылды. Силерди таза нерселер (ырыскылар) менен азыктандырды». (Нахл сүрөсү, 72-аят)

«Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла!» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)

Бул дүйнөнүн эркектер үчүн эң чоң жакшылыгы салиха аялга үйлөнүүсү. Салиха аял качан карасаң жылмайып, бир нерсеге жумшасаң баш ийип, сен жок болсоң өз напсисин жана сенин мал-мүлкүңдү сактаган аял.

Үй-бүлөгө жакшы мамиле кылуу ар бир үй ээсинин милдети. Анткени бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

خيرُكم خيرُكم لأهلِه وأنا خيرُكم لأهلي

“Силердин эң жакшыңар өзүнүн үй-бүлөөсүнө жакшы мамиле кылган инсан, анткени мен үй-бүлөмө жакшы мамиле кылам», – деп айткан.

Ислам дининде үй-бүлөнү камсыздоо жоопкерчилиги эркектин милдети. Бул туурасында Муавия (р.а.) «Я, Расулалла! Биздин аялдарга болгон кандай акыларыбыз бар?», – деп сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: “Качан тамактана турган болсоң аялыңды да тамактандырасың, качан өзүнө кийим алсаң ага да кийим алып бересиң, аялындын жүзүнө урбайсың, аялыңды үйүңдүн сыртында элдин көзүнчө кагып-силкип, кемсинтпегин», – деди.

Негизи эркекти акыретте Жараткандын алдындагы эң чоң аманаты болгон аялына жетелейт жана аялын да ага жетелейт. Андан кийин аларга кубанычын жарыялайт.

والرجل في أهله راع وهو مسؤول عن رعيته، والمرأة في بيت زوجها راعية وهي مسؤولة عن رعيتها. رواه البخاري (853)، ومسلم

“Эркек үй-бүлөсү жана өзүнө тиешелүү болгон нерселер үчүн жоопкер. Аял эркектин үйүндөгү буюмдарга жана өзүнө тийешелүү болгон нерселерге жоопкер”, – деп айткан.

Ислам дини аялдардын даражасын жогору койгон. Бул тууралуу:

فالإسلام أكرم المرأة أما وبنتا وأختا،ً: فعن عن أبي هريرة رضي الله تعالى عنه قال جاء رجل إلى رسول الله صلى الله عليه وسلم فقال: يا رسول الله من أحق الناس بحسن صحابتي؟ قال: أمك، قال ثم من؟ قال: ثم أمك، قال: ثم من؟ قال: ثم أمك، قال: ثم من؟ قال: ثم أبوك “. رواه البخاري (5626)، ومسلم (2548).

«Пайгамбарыбызга (с.а.в) бир киши келип, Эй Расулуллах! Адамдардын ичинен сухбатташа турганга эң акылуусу ким?», – деп сурады. Пайгамбарыбыз(с.а.в): «Энең», – деди. «Андан кийин ким?» – деди эле, «Энең!» – деди. Кайра сурады эле, «Энең!» – деди. Төртүнчү жолу сураганда, «Атаң!», – деп жооп берди.

Исламга чейин адамзат үй-бүлөсүнө өз билемдик жана зулумдук менен мамиле жасаган. Үй-бүлөдө эркектер гана укуктуу болуп, аялдар жана кыздар зулум астында болушкан. Мисалы, эгер аялдын күйөөсү кайтыш болсо, ал аял кайын атасынын мүлкү болуп эсептелип, кааласа ага үйлөнүп алышкан же көзөмөлүнө алып, башка турмушка чыга алган эмес. Ал эми мурас бир гана эркектерге берилип, аялдарга жана кичине балдарга эч кандай мурас бөлүнгөн эмес.

Ислам дини аялдын кадыр-баркын көтөрүп, мурас жана башка укуктарды берген. Ошондой эле дээрлик көпчүлүк маселеде эркектерге кандай укуктар берилсе, так ошондой укуктарга ээ. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аял-эркек эже-карындаш сыяктуу».

Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Эй, Осмон! Мен силерге үйлөнбөгүлө деп буйрудумбу?» – деп сурады.

Осмон (р.а.): «Жок, я Расулуллах», – деп жооп берди. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Менин сүннөтүм намаз окуу, уктоо, орозо туту, тамактануу, турмуш куруу, ажырашуу. Ким эгерде менин сүннөтүмдөн баш тарткан болсо, ал менден эмес. Эй Осмон, сенин үй-бүлөңдө акың бар, аялыңдын сенде акысы бар», – деп айтты.

Урматтуу мусулман бир туугандар, үй-бүлө деген эмне? Үй-бүлө бул – жашоо, үй-бүлө бул – кен-байлык, аны сактоо ар бир мусулманга ваажиб. Үй-бүлө көпчүлүк үчүн негизги бактылуулуктун өзөгү жана кичи мамлекет. Коомдогу эң жагымдуу күлкү бул үй-бүлөдөгү күлкүнүн жаңыруусу. Эгер эркек кедей болсо, бирок анын жанында үй-бүлөсү бар болсо, анда ал эч качан кедей деп эсептелбейт. Балким тескерисинче коомдогу чыныгы бай ошол инсан. Ошондуктан, барыңыздарды үй-бүлө маселесине аяр мамиле жасоого чакырабыз.

Даярдаган: Абдилазиз ажы Абдурахманов, Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби